Илим Карыпбеков: Отунбаева президент болуп турган кезде “журт апасы” деп койсом болмок экен...

18 октябрь 2019 12:13 6957 3 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КТРКнын мурдагы башчысы Илим Карыпбеков социалдык тармактан кээ бир политиктердин интервьюларын шакабага алды.

Ал, Роза Отунбаева президент болуп турган кезде “журт апасы” деп интервью берип калбай деп Ахматбек Келдибеков менен Иса Омуркулову азилдеди.

Карыпбековдун мыскылы:

“Эй брат, сага эмне болду көңүл  жок го?
- Роза Исаковна аз эле убакыт президент болуп калганына яман өкүнүп атам.
- Баары эле тарыхта калып атышат, мен мощный шансты качырыптырмын. Мисалы Иса Шейшенкулович Алмазбек Шаршеновичти журт атасы деп интервью берип тарыхта калды. Ахматбек Келдибекович Сооронбай Шариповичти журт атасы деп тарыхта калды. Ушу мен келесоо Роза Исаковна президент болуп турганда журт апасы деп интервью берип ийгенге мээм жетпей калыптыр. Кап, дагы бир аз президент болгондо точно журт апасы деп интервью бермекмин да, кыргыз тарыхында палчая жазылып....жок, шыбалып калмак экенмин! Иииий шанс кетти да шанс!”, – деп тамаша иретинде өкүнүчүн жазды.

Ссылка: https://barometr.kg/ilim-karaypbekov-otunbaeva-roza-isakovna-prezident-bolup-turgan-kezde-zhurt-apasy-dep-intervyu-berip-kalbaj



Добавить комментарий