Бишкекте түнкү маалда коомдук жайларда жүргөн эки өспүрүмдүн ата-энелери изделүүдө

24 декабрь 2019 11:01 1796 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ИИМдин жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкерлери "Камкордук" алдын алуу иш-чараларын өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Аталган иш-чаранын максаты -жашы жете электердин арасындагы көзөмөлсүз жана кароосуз калууларын эскертүү,  жашоо-шарттары оор абалда жүргөн балдарды аныктоо. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө ИИОнун кызматкерлери тарабынан соода-түйүн комплекстери, кичи базарлар, автобекеттер,  темир жол автобекеттер, компьютердик клубдар жана башка коомдук жайлар текшерилди. Ыкчам-алдын алуу иш-чарасын жүргүзүү учурунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкерлери тарабынан улуулардын коштоосу жок түнкү маалда коомдук жайларда жүргөн- 10 жашы жете элек өспүрүм, анын ичинен -8 бала, 2 кыз аныкталды. Ар бир жашы жете элек өспүрүмдүн өздүгүн аныктоо, үйлөрүнөн чыгып кетүүнүн себептерин тактоо боюнча ар бири менен тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү. 8 жашы жете элек өспүрүмдүн ата-энеси такталып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми 2 жашы жете элек өспүрүм Кыргыз Республикасынын ИИМдин жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборуна жеткирилип, алардын ата-энесинин телефондору өчүк болуп чыккан.

Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-zhashy-zhete-elekterdin-arasynda-ukuk-buzuulardy-aldyn-aluu-borborunun-kyzmatkerleri-ish-charalardy-tkrd



Добавить комментарий