Пиротехникадан абайла! ИИМдин кызматкерлери балдарга коопсуздук чаралары жана эрежелери жөнүндө түшүндүрүштү

26 декабрь 2019 09:23 3085 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ИИМдин КККнын Жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкерлери мектеп окуучуларына "Пиротехникадан абайла" аталышындагы лекция өтүштү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.  Кышкы каникулдун алдында, бүгүн 2019-жылдын 25-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын  Жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкерлери Бишкек шаарындагы №88 мектептин 8-"Е" классынын окуучуларына "Пиротехникадан абайла" аталышындагы лекция өтүштү. Жакында Жаңы жыл болгондуктан, чөйрөнү  көздүн жоосун алган фейерверктерди, жарылуучу петарддарды атуу башталат. Ушул учурда өлкөнүн көпчүлүк калкы техникалык коопсуздукту унуткарып, кейиштүү кесепеттерге туш болушат. Пиротехникадан жабыркагандардын көбү-10 жаштан 15 жашка чейинки балдар. Андан сырткары, бардык жабырлануучулардан ичинен балдар оор жаракаттарды алгандары кездешүүдө. Анткени пиротехниканы колдонгондордун көбү бул балдар.  Ушуга байланыштуу, окуучуларга пиротехникаларды колдонуудагы коопсуздук чаралары жана эрежелери жөнүндө түшүндүрүштү.


Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-kyzmatkerleri-pirotehnikadan-abajla-atalyshyndagy-lekciya-tsht



Добавить комментарий