Видео. ИИМ: Президентти мазактаган жаран кармалды
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековду мазактаган жаран кармалды.
Маалым болгондой, кармалган жаран видеотасмада баңгизатты даярдоо жана колдонуу жолдорун көрсөтүп, өлкө башчысынан аны ачык пайдаланууга уруксат берүүнү талап кылган. Бул видео тарагандан кийин милиция менен коопсуздук кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, аталган адамдын өздүгү такталган. Жыйынтыгында 17-августта саат 22:00 чамасында Ысык-Көл районундагы Бостери айылында жайгашкан «Ривьера» пансионатынын аймагынан Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну Улан Азиз уулу кармалды. Ал кармалган учурда жанында болжол менен 20 гр баңгизат (марихуана) да болгон. Ысык-Көл облустук милициясы, Уланды кармоо учурунда кыска шымынан 70 миллиграмм гашиш алынганын жана бөлмөнү текшерүү учурунда 11 грамм 500 миллиграмм марихуана табышканын билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/iim-prezidentti-mazaktagan-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×