ИИМ Памир Асанов тууралуу: Туулган күнүндө жумуштан кетирүү деген так талап жок

24 октябрь 2019 12:50 2655 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ИИМ айрым маалыматтык агенттиктерде министрдин орун басары Памир Асанов тууралуу жарык көргөн маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

Эске салсак, Памир Асанов октябрда 55 жашка толгон, ошол себептен ал пенсияга чыгышы керектиги тууралуу массалык маалымат каражаттарында жазылган.

ИИМ бул тууралуу мындайча түшүндүрмө берди:

"Соттук-укуктук реформанын алкагында жана 2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы жазык мыйзамдары ишке киргенине байланыштуу жаңы процесстик талаптар пайда болуп, тергөө бөлүмдөрү менен алгачкы тергөөгө чейинки кызматкерлердин ролу жана жоопкерчилиги жогорулаган. Ушуга байланыштуу республиканын ИИОнун бардык аймактык бөлүмдөрүн координациялоо максатында  ИИОнун сотко чейинки өндүрүш боюнча башчысынын орун басары кызматы киргизилген. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Азыркы убакта, жаңы жазык мыйзамдарын мындан ары дагы ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүп, кодекстерге тиешелүү өзгөртүүлөр менен кошумчалар киргизилип, кызматкерлер окутулууда. Бул багытта министрликтин ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн министрдин орун басарларынын бирине милициянын полковниги Памирбек  Асанов дайындалган. Ал ички иштер министринин орун басары кызматына дайындалгандан мурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы кызматында иштеп келген. Ал эми, андан мурда ар кандай жетектөөчүлүк кызматтарды аркалап, тергөө багыты боюнча мол тажрыйбага ээ болгон милиция кызматкери экендиги да эске алынган2019-жылдын 16-октябрында ички иштер министринин орун басары Памир Асанов 55 жашка чыкты.  "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Мыйзамдын 7-2-беренесине ылайык, орто жана ага жетектөөчүлүк курамдын атайын наамы бар ички иштер органдарынын кызматкерлери ички иштер органдарында кызматын өтөй алышат жана 55 жаш курагында отставкага бошотулат. Тактап айтканда, азыркы мыйзамга ылайык туулган күнүндө жумуштан кетирүү деген так талап жок. Азыркы учурда жаш курагынын чегине жеткендиги боюнча кызматкерлерди кызматтан бошотуу, алардын берген билдирмесинин (рапорт) негизинде ишке ашат.Тактап айта турган маселе, "Кыргыз Республикасынын Укук коргоо  органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2020-жылдын 3-февралынан баштап күчүнө кире турган 85-беренесинин 1-бөлүмүндө кызматкерлердин 55 жашка чыгышы боюнча отставкага кетирүүнүн нормалары каралган".



Ссылка: https://barometr.kg/iim-ajrym-maalymattyk-agenttikterde-ministrdin-orun-basary-tuuraluu-zharyk-krgn-maalymat-boyuncha-tshndrm



Добавить комментарий