ИИМ: "Мектептердеги рэкетине каршы иштеген инспекторлор көбөйөт"
2019-жылы мектептердеги рэкетчиликти азайтуу максатында өспүрүмдөр менен иштеген укук коргоо кызматкерлери көбөйөт, ар бир мектепке бирден инспектор шайланат. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бүгүнкү 5-февралда өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, өспүрүмдөргө кылмыштуулукту алдын-алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алар менен иштеген сайын азайууда. Мисалы, 2018-жылы мектеп рэкетчилиги боюнча 106 факты катталган, бул мурдагы жылга салыштырмалуу 8,6 пайызга азайган. Андыктан бул багытта иштеген кызматкерлердин саны 2019-жылы көбөйөөрүн белгиледи.
Белгилеп кетсек, мектеп жашындагы балдардын мушташуусу, акча талап кылуу, өспүрүмдөрдү бычактап кеткенге чейин барган окуялар 2017-жылы көп катталган.
Добавить комментарий ×