III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 102 өлкөгө чакыруу берилди
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 102 өлкөгө чакыруу берилди, алардын 80и менен байланыш түзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
«15-июлга чейин арыздарды кабыл алабыз. Биз оюнга былтыркы жылдан дагы көбүрөөк өлкө катышат деп күтүп жатабыз. 2016-жылы 62 мамлекеттин спортчулары катышкан», — деп билдиришти министрликтен.
Маалыматтарга ылайык азырынча 10 дой өлкөдөн жооп келген.
Айрым өлкө башчылары дагы аталган иш чараны көрүүгө келишет. Көчмөндөр оюнуна Түркия, Татарстан, Монголия, Өзбекстан, Казакстандын президенттеринин келүүсү күтүлүүдө. Азырынча расмий кат келе элек.
Көчмөндөр оюнунда 3 миңге жакын спортчу 37 спорттун түрү боюнча ат салышат.
Оюндун ачылыш аземи 2-сентябрда болот. 3-сентябрда Кырчын этнокыштакчасы меймандарды тосуп баштайт.
Ссылка: https://barometr.kg/iii-djnlk-kchmndr-oyundaryna-katyshuu-chn-102-lkg-chakyruu-berildi
Добавить комментарий ×