Ичкүйдүүлүк, көралбастык адамдардын ортосундагы мамилени бузат

27 октябрь 2022 07:10 19873 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Адам баласы канчалык ичи тардык, көралбастык ичкүйдүүлүк кылбайын десе деле болбой кээ бир адамдарда ошондой маанай келе берет дейт психологдор. Көбүн эсе айымдар ( курбусу, коллегасы, туугандары, аяштары, жолдошунун жумушундагы аялдары ж.б.) ортосунда ичкүйдүүлүк, атаандашдык күч алып келет. 

Андыктан андай жагымсыз нерселерден алыс болуу үчүн эмне кылуу керек? Бул суроого "Барометр" психологдордун жообун сунуштайт.

Ичкүйдүүлүк деген эмне?

Ичкүйдүүлүк башка адамдарда бар жакшы нерсени өзүнө алуу. Мисалы, жакын эле курбуңдун фигурасы укмуштай сонун, анын машинасы, сонун үйү, ийгиликтүү иши жана сенде жок нерселердин баары бар. Ошол кезде ичи тар адамдардын ичкүйдүүлүгү күч алат. Өздөрүндө жок нерсеге ачууланат. Эгер ошол кезде бай, бактылуу жашаган курбусунда көйгөй пайда болсо ал адам ичинен тымызын кубанып, табалап турат.

Башкаларга көз каранды болбой ийгиликтүү, бай, дени сак, сулуу болгонго аракет кыл. Башкаларга көз арткандан көрө сага көз артышсын. Негизи ичи тарлыкты деле жакшы түшүнсө анын пайдалуу жагы бар экен. Кантип дебейсизби, мисалы, сиздин курбуңуздун фигурасы укмуштай сонун, а сиз анын жанында өтө семизсиз. Эмне кыласыз? Ага көз артып ошондой келбеттүү болууга тырышасыз. Анүчүн арыктаганга аракет жасап, келбетиңизди сулуулаганга өтөсүз.

Мен андай эмесмин, менин түрүм суук же ушул сыяктуу келбетиңизге дегеле жашооңуздагы өзүңүздүн кемчилигиңизге нааразы болбой, кандай болсоңуз өзүңүздү ошондой кабыл алыңыз, өзүңүздү сүйүңүз. Сиздеги кемчиликтер башкаларда деле бар экенин унутпаңыз. Өзүңүздү башкаларга эч качан салыштырбаңыз! Сиз өзүңүз уникалдуу адам экениңизди билиңиз

Жашооңуздагы баардык нерсеге шүгүр кылып, ага ыраазы болуңуз. Качан гана сиз өзүңүздүн жашооңузга ыраазы болгондо сиздеги көралбастык, ичи тарлык биротоло түп орду менен жок болот. Ошол учурда сиз башкалардын ийгилиги үчүн кубана билесиз. Алар сиздин чын дилден кубанып жатканыңызга да ыраазы болушат. Ошол учурда сиз башкалардан да ошондой эле мамилени күтө аласыз. Ошондо сиз абдан бактылуу адам экениңизди сезесиз.

Көзүңүздү жумуп, кандай адам болгуңуз келээрин кыялданыңыз. Ошол кыялдарыңыз орундалганын көз алдыңызга келтириңиз. Бактылуу, ийгиликтүү, бай, сулуу болооруңузга ишениңиз. Ушундай көнүгүүлөрдөн кийин сиздеги ичи тардык, көралбастык деген негативдүү ойлор алыстайт.

Көралбастык адамдардын ортосундагы мамилени да бузаарын унутпаңыз. Ичкүйдүүлүк көралбастык адамдын көңүлүн да чөгөрөт, капага салат. Ошол учурда сиздин ден-соолугуңузга зыян келет. Ошондуктан бирөөгө көз артпай, өзүңүздүн гана бактыңызды ойлоңуз. Өзүңүздүн оюңузду контролдогонду, башкарганды үйрөнүңүз. Жаман ойлорду жолотпогонго аракеттениңиз. Убагында жагымсыз ойлордон, көралбастыктан арылбасаңыз алар оюңузду курчап, абдан көбөйүп, негатив менен гана жашап калаарыңыз шексиз. Ич күйдүүлүктөн канчалык тез арылсаңыз сизди жакшы, позитивдүү достор, санаалаштар курчайт.

Ссылка: https://barometr.kg/ichkjdlk-kralbastyk-adamdardyn-ortosundagy-mamileni-buzat



Добавить комментарий