Ичкиликтен уулангандарга нарколог Шайлообек Өмүралиевден кеңеш

27 декабрь 2018 11:02 2207 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Адистер майрамда спирт ичимдиктерин ашыкча ичип алуу организмге зыян экенин эске салышат. Ичкиликтин түрлөрүн аралаштырып ичүү ууланууга алып келээрин эскертишет. Ал эми майрамда ашыкча ичкилик ичип эртеси кыйналып калган инсандар көмүр таблеткасын же аспирин дарысын ичүүсү керек деген кеңешин нарколог Шайлообек Өмүралиев билдирди:

“Коомчулукта ичимдик ичкенден кийин эртеси башы ооруп турганда арак же сыра ичиш керек деген түшүнүк кенен жайылган. Кыйналып турган адамга жардам берүүнүн мындан башка деле жолу бар. Андай учурда көмүр таблеткасын 5ден 10 таблеткага чейин бериш керек. Бул даарыдан кооптонбош керек, эч кандай зыяны болбойт. Андан соң аспиринден 2 таблетка бериш керек. Себеби ичимдике ууланган адамдын каны коюланып кетет.”

 Ошондой эле адистер жаңы жылдык майрамда жасалма алкоголдук ичимдиктерди сатып алуудан сактаныш керек экендигин эскертишет. Анткени жасалма алкоголдорду ичип алып ууланган фактылар дагы аз эмес.



Ссылка: https://barometr.kg/ichkilikten-uulangandarga-narkolog-shajloobek-mralievden-keesh



Добавить комментарий