Хеллоуин майрамында каскадёр каза болду
Бөлүшүү:
Алмата шаарында Хеллоуинди майрамдап жаткан учурда каскадер каза болду. Казакстандык NUR.KZ маалымат булагы Казакстандын көңүл ачуучу клубтарынын биринде Хеллоуин мааракесин майрамдап жатканда каскадердун мерт кеткенин жазып чыкты.
Бул өлүм тууралуу маалыматтын чын экенин Спутник Казакстан тастыктады.
Түзүлгөн сценарий боюнча артистер жана каскадерлор патолокко асылып, оюн көрсөтүшү керек болгон. Инстаграмга тараган тасмадагы кадрлардан оюн көрсөтүп жаткан каскадердун абалы оорлой баштаганы көрүнөт.
Бул видео социалдык желеге тарап аны көргөндөрдүн катуу реакциясын пайда кылды. Алар комментарийге автордон бул видеону өчүрүп коюусун өтүнүштү.
Каскадер өлүмгө жакындап өзүн жаман сезип жатканда жаштар шарап ичип,бийлеп ырдап жаткан. Каза болгон каскадер Казакстандык белгилүү Касым Жумагужин экени белгилүү болду. Ал мындай асылган оюндарды далай ирет көрсөткөндүктөн, бул тармакта ал профессионал болгонун достору айтып жатышат. Ал Голливуд тасмаларында жана Казакстандын бир нече тасмаларында роль жараткан.
Касым Жумагужин өлүп бара жатканда белги берип,жардам сурабаганын дагы белгилүү болду.
34 жаштагы атактуу каскадёрдун артында балдары жана жубайы калды.
Ссылка: https://barometr.kg/hellouin-majramynda-kaskadyor-kaza-boldu
Добавить комментарий ×