Гулжакан Мурзалиева: Мен жана менин үй-бүлөм Акматбек Келдибековду идеал тутабыз
"Менин тандоом Акматбек Келдибеков",-деди шайлоочу Гулжакан Мурзалиева Жогорку Кеңешке "Азаттык" партиясынан талапкер, парламенттин бешинчи чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков тууралуу пикирин билдирип жатып.
"Мен жана менин үй-бүлөм Акматбек Келдибековду идеал тутабыз. Ал кишиге кызмат да, депутаттык мандат да жарашат. Ал даткалардын тукумунан. Ошон үчүн Кудай колдойт. Кайда иштебесин ишинен жакшы жыйынтык чыгарат. Ишенбесеңер Акматбек Келдибековго чачырап бараткан тармакты карматкылачы заматта ирдентип, чачылганын жыйнап коёт. Бул кишиде тубаса лидерлик сапат бар.
Ошон учун кайсыл жерге жетекчи болсо да кызматкерлерине дух берип. ишти алдыга жылдырат. Чимкирик депутаттарды шайлап, депутаттар кол жоолукка айланганча Ахматбек Келдибековду жана ал шайлоого аттанган “Азаттык” партиясына добуш берели. Менин тандоом Акматбек Келдибеков",-деди Гулжакан Мурзалиева.
Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. Ахматбек Келдибеков шайлоого катышып жаткан “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын тең төрагасы болуп эсептелет.“Азаттык” саясий партиясы шайлоо тизмесинде №10 катар номери менен катышууда.
Даярдалды: Barometr.kg. 1 нуска, 24.11.2021-жыл, “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясы тапшырык берген.
“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү.
(03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү)
Ссылка: https://barometr.kg/gulzhakan-murzalieva-men-zhana-menin-j-blm-akmatbek-keldibekovdu-ideal-tutabyz
Добавить комментарий ×