Грузия желим баштыктар менен күрѳшүү жолун тапты

19 сентябрь 2019 15:03 2560 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Грузияда желим баштыктарды колдонууга тыюу салынган.Үстүбүздѳгү жылдын апрель айынан баштап, желим баштыкчаларды импорттоого жана аларды жасап чыгарууга тыюу салды. Өлкѳ мындай кадамдарга акырындап барды. Алгач 2018-жылы желим баштыкчаларды жасап чыгарууну токтоткон. Ал эми  азыркы күндѳ  бардык кѳлѳмдѳгү желим баштыктар колдонулбайт. Мындай баштыктарды чыгарган ишканаларга 500 лари ($185,87) суммада айып салынат. Ал эми экинчи жолу дагы мыйзам бузулса, эки эсе айып салат.  Анын оордуна табыйгый баштыктар колдонулат.

Акыркы учурда дүйнѳ жүзү желим баштыкчалар менен күрѳшүүнүн ар кандай жолун сунуштап келет. Азырынча баардык мамлекеттер сунуштарга кѳңүл кое элек. Илимпоздордун айтымында желим баштыкчалар жер катмарында ээрибей жок болбогон нерсе. Кыргызстан  бейѳкмѳт уюмдар тарабынан желим баштыктарга каршы акциялар менен эле чектелет.

Ссылка: https://barometr.kg/gruziya-zhelim-bashtyktar-menen-krsh-zholun-tapty



Добавить комментарий