Грузин эли жаңы жылды карызсыз тосмой болушту

20 ноябрь 2018 17:35 1091 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Грузиянын өкмөтү 600 миңге жакын жарандарынын  банктардагы карызын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар интернет булактарына жазып чыгышты.

Маалыматка таянсак, өкмөттүн мындай кадамына көптөгөн жарандардын "кара тизмеге" түшүп калгандыгы себеп болгону айтылат.

"Өлкөдө 600 миңге жакын жарандар банктардын, онлайн-уюмдардын жана башка финансылык институттардын алдында 565 миллион 300 миң долларга жакын карызы бар. Бүгүнкү чечим менен баарынын банктардагы карыздары кечирилет", - деп билдирген премьер-министр Мамука Бахтадзе.

Өкмөт башчысы белгилегендей 600 миңге жакын жарандын ичинен 150 миң адам жардамга муктаж, ал эми он миңдеген адамдар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер болуп саналат.

Кабыл алынган бул чечимибиз аркылуу "Биздин эл жаңы жылды эч кандай карызы жок тосот" – деп премьер-министр Мамука Бахтадзе элди кубандырды.
Кошумчалай кетсек кара тизмеге катталгандарды чыгаруу 15-декабрда башталып айдын аягына чейин созулат.

Ссылка: https://barometr.kg/gruzin-eli-zhay-zhyldy-karyzsyz-tosmoj-bolushtu



Добавить комментарий