Googleдун жасалма интеллекти адамдардын каза таба турган күнүн так билдирүүдө

1 апрель 2019 15:48 1675 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Google” жасап чыгарган жасалма интеллектти оорукананын компьютерине жайгаштырышкан. Дарыгерлер ага бейтаптар тууралуу маалыматтарды киргизгенден кийин технология оорулуунун каза боло турган убактысын так билдире баштады. Бул тууралуу The Sun булагы кабарлады. 

Googleдун жасалма интелектти “Медициналык мээ” деп аталат жана ал пациенттин медициналык картасынын ар бир майда-чүйдөсүнө чейин изилдеп чыккан соң канча өмүрү калганын так аныктайт.

Бир аз мурда жүргүзүлгөн изилдөөдө эки башка ооруканадагы иликтөө жыйынтыгы 93 жана 95 пайызга туура чыккан.

Технология эң мыкты жетишкендиктерди көрсөтүп жатканы менен ага сын айткандар системада жеке маалыматтардын купуялуулугун сактоо коркунучу пайда болорун айтышты.

Мисалы, 2013-жылы Google DeepMind AI системасы 1,6 миллион бейтаптын медициналык картасы боюнча маалыматты алууга жетишкен эле.

 

Ссылка: https://barometr.kg/googledun-zhasalma-intellekti-adamdardyn-kaza-taba-turgan-knn-tak-bildird



Добавить комментарий