Гүлшайыр Садыбакасова: "Мен эки кызыма да нааразы болуп турам. Сабырдуулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз"

25 февраль 2019 16:36 15987 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

"Кыз бурактын" кыздарынын чыры жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын да ойго салганы маалым болду. Бул тууралуу Садыбакасова өзүнүн инстагрмадагы жеке баракчасына:

"Кыздарыма, балдарыма ыйман, ынсап, сабыр бер! Адашкандардын акыл-эсин кайтарып, тообосун жандыра көр!", -деп пост жазып чыкты. Постко көпчүлүк ар тараптуу пикирлерин жазып калтырууга өтүштү. Бул боюнча Гүлшайыр Садыбакасовага Barometr.kg сайтынан чалып байланышканыбызда болуп жаткан окуяларга абдан өкүнүп жатканын билдирди.

"Мен бул окуялардан кабарым жок эле. Эл айканынан шашып интернетти ачсам эле ызы чуу болуп калыптыр. Аябай көп суроолор болгонунан Айжамал да жинденип автоматтык түрдө жазып чыгыптыр. Мен калпыстык болуп кеткенин сездим. Кенже менен көптөн бери сүйлөшпөй калгандыктан ортого аттуу баштуу адамдарды салып постторун өчүрүп салсын деп айттырсам "мени менен иштери болбосун" деген жооп айтыптыр, бирөөсүнүн да тилин албаптыр. Кенже өзү кызуу кандуу, бат жинденип кетет. Бетме-бетке түз эфирге барганда да эчнерсе чечилбейт, ал жерде да кайым айтышуу болот. Ал жерге 30 кызды алып барып эле бир жыйынтык чыгарбаса. Андай жерде сөзгө чечендер жеңишке жете берет. Мен азыр эки кызыма да нааразы болуп турам. Мен ортодо калдым. Экөөсү тең элдин алдына чыгып кечирим сурашы керек. Мага болду жетишет, азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, баарын акылга салып буюрса жакшы жагына чечилет деп турабыз. Айжамал автоматтык түрдө айтып алдым деп жатат, Кенже 45 жаштагы аял сабыр сакташы керек болчу", -деп Гүлшайыр Садыбакасова коомдогу бири-бирине тукурган адамдарга сөз көтөрө албаган кыздарына нааразычылыгын билдирди.

Эске салсак, Кенже Дүйшеева менен Айжамал Кабылованын ортосунда пикир келишпестиктер чыгып алар интернет аркылуу бири-бирине каршы постторду жазып чыккан эле. Бүгүн "Кыз бурактын кыздары" күндүн темасына айланып, коомчулук кызуу талкууга алууда.

Ссылка: https://barometr.kg/glshajyr-sadybakasova-men-azyr-eki-kyzyma-da-naarazy-bolup-turam-sabyrduuluk-menen-sjlshlrd-zhrgzp-zhatabyz



Добавить комментарий