Гүлназ Чыныбек кызы: Сыймык Бейшекеев агабыз менен алгачкы ирет дуэт аткардым

14 август 2021 11:42 1571 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КР эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев менен ырчы Гүлназ Чыныбек кызы биринчи ирет “Бир сезим” деп аталган ырга дуэт аткарышты. Бул тууралуу ырчы Гүлназ Чыныбек кызы социалдык баракчасы аркылуу маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.

"Сүйүнчү, достор! Сиздер үчүн “Бир сезим” аттуу жаңы дуэт чыгарма тартуулайбыз. Сыймыктуу агабыз Сыймык Бейшекеев менен алгачкы ирет дуэт чыгарма аткарып, сыймыктана кубанып турган чагым. Буйруса, өз угармандарын тапкан, сиздерге жаккан чыгарма болот деп ниет кылабыз.Чыгарманы толук Сыймык Бейшекеев YouTube каналдан угуп туруңуздар”,-деп билдирди ырчы.

Эскерте кетсек, Гүлназ Чыныбек кызы 1988-жылы 5-июлда Өзгөн районунун Мырзаке айылында туулган.Казак ырчысы Ерке Есмахандын “Кайда?” деп аталган ырын которуп актарып чыккандан кийин калың элге ырчы катары таанылган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/glnaz-chynybek-kyzy-syjmyk-bejshekeev-agabyz-menen-algachky-iret-duet-atkardym



Добавить комментарий