Гүлнара Каримованын абакка кесилген мөөнөтү дагы узартылды
Ташкент шаардык соту Өзбекстарндын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримовага жаңы кылмыш ишинин алкагында анын абактагы мөөнөтүн 13 жыл төрт айга чейин узартты. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку соту билдирди.
Каримова 2015-жылы августта акча талап кылуу жана салык төлөөдөн качуу боюнча соттолгон. Кийин 2017-жылы 18-декабрда дагы бир кылмыш иштин алкагында ал 10 жылга кесилген. Учурда ага карата бир нече кылмыш иши козголгон. Арасында уурулук жана мамлекетке чыгым алып келүү сыяктуу оор кылмыштар бар.
Жогорку соттун маалыматы боюнча 2020-жылдын 18-мартында Каримовага дана уюшка башка кылмыштуу топторго карата сот процесси аяктаган.
Ссылка: https://barometr.kg/glnara-karimovanyn-abakka-kesilgen-mnt-dagy-uzartyldy
Добавить комментарий ×