Өгөй эне ат тиш, бычак менен кыйнап, жугунду жедирип, муздаткычка камаган 3 кыздын өз апасы табылды. Ал ажырашуу себебин атады

19 апрель 2019 10:46 10898 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Жетисай шаарында өгөй эненен 3 кызга көрсөткөн кордугу калкты чуулганга салды. Аял жолдошунун биринчи аялынан калган 3 кызын өгөй энелик кылып адам чыдагыс кыйноолорго  алган. Ал наристелердин чайына химиялык атырды куюп ичирген, жугунду жегенге мажбурлаган, катуу сабоого алган, кээде муздаткычтын текчелерин чыгарып туруп камап койгон, бычак жана ат тиш менен денелерине аёсуз зыян алып келген. Кыздар аябай коркуп калгандыктан атасына же башка бирөөгө кыйналып жатышкандарын айта алышкан эмес. Алардын улуусу 9-класста, кичүүсү 6- ортончусу 7-класста окушат.

Өгөй эне деп аталган аял кыздардын атасы менен мыйзамдуу никеде турбагандыктан чогуу жашаган адам катары каралууда.

Учурда кыздар дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүшүүдө, абалы күндөн күнгө калыбына келүүдө. Ат тиш, быяактан алган жаракаттары айыгууда. Алар учурда чоң апасынын колунда. Чоң апасы неберелерине кордук көрсөткөн аял кечирим да сурабагандыгын, атасы кыздарды урганын көрсө да эч кандай чара колдонбогонун айтып чыкты.

“Менин бөбөктөрүмдү кордогон аял өзү да ошол кыйноолорду өз денесинде көрсө дейм”, -деп кейиген.

Ал эми жабырлануучу кыздар өгөй энеси алардын тырмактарынын астына ийне сайганын, денелерин тешкенин жана баштарына темир менен чапканын да айтышууда.

Кыздардын атасынын айтымында аларды биологиялык апасы менен 7 жыл мурда ажырашып кетишкен. Сот кыздарды атасына калтырышкан. Алар ошол боюнча байланышкан эмес. Бирок кыздардын апасы табылды. Ал жолдошу эч жерде иштебегендиги, өзүн жана кыздарын сабагандыгы үчүн кетип калганын айткан.

Наристелерди кыйноого алган 28 жаштагы өгөй эне учурда камакта.

Ссылка: https://barometr.kg/gj-ene-tish-bychak-menen-kyjnap-zhugundu-zhedirip-muzdatkychka-kamagan-3-kyzdyn-z-apasy-tabyldy-al-azhyrashuu-sebebin-atady



Добавить комментарий