Гестоз - төрөт маалындагы энелердин өлүмүнүн негизги себеби

8 ноябрь 2019 11:02 3586 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Колдун, буттун жана беттин шишиги. Эгерде буттун шишиги такыр кетпей, анысы аз келгенсип ага колдун шишиги кошулса, анан да беттин көпкөнү байкалса, анда бул кош бойлуулуктагы кооптуу абалдардын бири. Тактап айтканда, мындай шишиктер гестоз деп аталган кош бойлуулукка таандык оорулардын бири болуп саналат.

Гестоз – кош бойлуу айымдарда гана кездешип, төрөгөндөн кийин да бир нече күнгө чейин сакталып турчу оору. 

Мунун кооптуулугу мында, гестоз – төрөт маалындагы энелердин өлүмүнүн үч негизги себебинин бири болуп эсептелинет. Ал кош бойлуулуктун 16-20-жумасында башталып, 28 жумалыгынан кийин кайра кайталанышы мүмкүн. Гестоздо кош бойлуу эненин бөйрөгүнүн, кан тамырларынын жана баш мээсинин иштеши начарлайт. Булардан тышкары гестозго тиешелүү эң мүнөздүү белги – артериалдык кан басымдын жогорулашы жана заарадан белоктун чыгышы. Мына ушуга байланыштуу гинекологдор кош бойлуулардан заарага тез-тез анализ тапшырып турууну талап кылышат. Заарадагы белок бөйрөктүн ишине доо кеткендигинен кабар берип, шишик менен коштолот. Ал эми кан басым жогорулаганда баш оору, көңүл айнуу, көздүн тунарышы келип чыгат. Гестоздун оор түрүндө кош бойлуу эне эсин жоготот, түйүлдүк өөрчүбөй калат же такыр эле өлүп калат.

Гестоз кимдерде көп жолугат?

Биринчи жолу эне болуу алдында турган айымдарда;

эгиз күтүп жаткандарда;

35 жаштан өткөн болочок энелерде; 

өнөкөт оорусу бар айымдарда;

жыныстык инфекциясы барларда (хламидиоз, микоплазмоз, уреаплазмоз).

Ссылка: https://barometr.kg/gestoz-trt-maalyndagy-enelerdin-lmnn-ch-negizgi-sebebinin-biri-bolup-eseptelinet



Добавить комментарий