Гемоглобиндин төмөн болушунун белгилери кандай? Аны кантип дарылоого болот?

6 декабрь 2021 11:56 4049 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Адамдын денесинде темирдин канчалык пайдалуу экенин айтып түгөтүү кыйын. Дал ушул элемент организмге кычкылтек жеткире турган гемоглобинди түзүү процесстерине катышат.

Бир күндө адам 10-30 мг темир колдонушу керек. Анын жетишсиздиги жана гемоглобиндин төмөн болушу иммундук системанын алсырашына алып келет. Адам тез чаалыгып, уйку басат, депрессия болот. Кабылдоосу төмөндөп, жумушту начар иштейт, окууну начар өздөштүрөт.

Темир жетишсиздиктин белгилери:

- теринин кубарышы;

- уйкунун бузулушу;

-  салмак боюнча маселенин келип чыгышы;

- жумуш иштөө жөндөмүнүн азайюсу;

- дем алуунун кыйындашы;

- тырмактардын сынгычтыгы;

- чачтын түшүүсү;

- Жашоого болгон умтулуунун начарлашы;

- маанайдын төмөндөшү.

Темирдин азайышына эмне себеп болот?

Кандын жоготуу (операция, айыз келген учурда), онкология, жара оорулары. Катуу диета кармаган учурда, зыяндуу өндүрүштө иштегендерде, эт колдонбой вегетариан болгондо, кесипкөй спортчуларда жана албетте кош бойлуу аялда темир жетишсиз болгон кезде тубаса темир жетишсиздик менен төрөлгөн балдарда гемоглобин аз болот.

Гемоглобин төмөн болгондо кандай тамактануу керек?

Рационду оңдоо менен темирин жетишсиздигин алдын алса жана аны калыбына келтирсе болот.

Темирге бай азык-түлүктөр:

- кызыл эт   

- боор   

- пестицид себилбеген алма 

- жумуртканын сарысы;

- анар;

- жаңгак;

- кара карагат ;

- кара өрүк ;

- скумбрия;

- горбуша.

Тамак-ашты туура колдонуу, таза аба бул ооруну алдын алат. Ден соолукта болуңуз!

Ссылка: https://barometr.kg/gemoglobindin-tmn-bolushunun-belgileri-kandaj-any-kantip-daryloogo-bolot



Добавить комментарий