Гапыр Мадаминов: “10 жыл бою чечилбеген маселени Ахматбек Келдибеков чечти”
Саясий ишмер Исхак Раззаковго “Эл баатыры” наамын берүү боюнча 10 жыл бою чечилбеген маселени Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков чечкен. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов билдирди.
"Улуу инсан, мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковго “Эл баатыры” наамы берилсин деп 10 жыл бою тажабай ар кайсыл жетекчиге кат жаздык. Майнап чыкпады. Ахматбек Келдибеков Жогорку Кеңеште спикер болуп турганда кат жазып кайрылдык. Лейлек эли кат жазып кайрылды эле.
Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын чоң сахнасында Ахматбек Келдибеков "Алардын суранычын аткарабыз. Анткени, Исхак Раззаков “Эл баатыры” болууга татыктуу" деп айтып эл суранган наамды ыйгарды. Лейлек элинин атынан, Гапыр агайыңар Исхак Раззаковго “Эл баатыры” деген наамды ыйгараны үчүн Келдибековго ырахмат айтты деп жеткирип койгула",-деп билдирди Гапыр Маданминов агай.
Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. Ахматбек Келдибеков шайлоого катышып жаткан “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын тең төрагасы болуп эсептелет.“Азаттык” саясий партиясы шайлоо тизмесинде №10 катар номери менен катышууда.
Даярдалды: Barometr.kg. 1 нуска, 21.11.2021-жыл, “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясы тапшырык берген.
“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү.
(03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү)
Ссылка: https://barometr.kg/gapyr-madaminov-10-zhyl-boyu-chechilbegen-maseleni-ahmatbek-keldibekov-chechti
Добавить комментарий ×