Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейине жаңы директор дайындалды

5 декабрь 2019 14:59 2045 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейине Айгүл Мамбетказиева директор болуп дайындалды.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эртең, 6-декабрда министр Азамат Жаманкулов жаңы дайыналган жетекчини музейдин жамаатына тааныштырат.

Мамбетказиева Айгүл Токтобековна 1955-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1078-жылы аталган музейде кызматкер болуп баштап, музейдин директорунун орун басары кызматына чейин эмгектенген.

Эске сала кетсек, 28-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде Feminalle көргөзмөсү уюштурулган. Анда даниялык перформансист айым Julie Savery катышуучулардын көзүнчө жылаңач чыккан. Бул көрүнүш кыргыз коомчулугу тарабынан катуу сынга кабылып, жарандык активисттер митинг уюштурушкан. Натыйжада музейди буга чейин жетектеп келген Мира Жангарачева кызматынан кеткен. Ал кызматтан кетишине музейдин Feminalle көргөзмөсүнө берилишине карата улуттук-патриоттук күчтөр “Кырк-Чоро” тобу тарабынан коркутуулар болгондугу себеп болгонун билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/gapar-ajtiev-atyndagy-krkm-srt-iskusstvo-muzejine-zhay-direktor-dajyndaldy



Добавить комментарий