Гайморит оорусунун белгилери
Мурундун тегерегинде жайгашкан жаак беттин көңдөйчөлөрүнүн сезгениши гайморит деп аталат. Анын пайда болушуна сасык тумоо, ринит, суук тийүү жана аллергиялык факторлор себеп болот. Башкача айтканда, ушул себептердин бирине чалдыккан соң жаак беттин көңдөйчөлөрүнүн ичиндеги былжыр эттер сезгенет, анан мурундан суу бөлүнүп чыга баштайт, бара-бара суюктукка ар кыл вирустар, грибоктор, бактериялар таасир этип ал ириңге айланат. Бул процесс гайморит болот.
Гаймориттин белгилери:
мурундан бырылдап суу куюлат;
баш салаңдап ооруйт;
мурун бүтөт;
дем алуу начарлайт;
азуу тиштер да оорушу мүмкүн;
температура бериши мүмкүн;
Гаймориттин түрлөрү:
Гайморит. Ринит, сасык тумоо, суук тийүү сыяктуу кеселдер күчөп, узакка созулуп кетсе көп учурда гайморитти жаратат.
Өнөкөт гайморит. Дарыланбай же толук дарылабай коюудан улам гайморит кармап, кайра басаңдай берген шартта ал оорунун өнөкөт түрүнө айланат. Өнөкөт гайморит адатта колдонгон дары-дармектерди тоготпой калат. Мында гаймориттин эле белгилери узак убакытка созулат, мисалы, мурундун бүтүшү, баштын оорушу, бырылдап суу куюлуу, дем алуунун начарлашы.
Мындай белгилер байкалса сөзсүз доктурга кайрылуу керек.
Ссылка: https://barometr.kg/gajmorit-oorusunun-belgileri
Добавить комментарий ×