Гайморит оорусун алдын алуу жолдору
Адамдын организминде иммундук система алсыз болгондо инфекциялык ооруларга тез чалдыгат. Гайморит оорусунун алдын алуунун жолдорун ден-соолукту чыңдоо адиси Barometr.kg маалымат агенттигине маалымат берди.
Бул оорууга кимдер чалдыгат.
Сезгенүү оорулары барлар;
Мурун кайкасы кыйшык болгондор;
Мурун кайкысы жабыркаган, аллергиялык реакциясы, иммунитети начар, болушу гайморит оорусу менен жабыркоого алып келет.
Гайморит менен оорубаш үчүн төмөндөгү эрежелерди сактоо керек:
1- шарт: Мезгилге жараша кийиниӊиз
Көпчүлүк учурда адамдар күз – кыш мезгилдеринде гайморит оорусуна чалдыгат же өнөкөт оорусу күчөйт. Бул мезгилде абанын температурасы дароо төмөндөп, нымдуулук жогорулайт. Ошондуктан суук мезгилде аба ырайына жараша жылуу кийинүү керек.
2-шарт: Мурун көӊдөйүн укалаӊыз
Алгачкы кыйынчылыктарды байкаганда былжыр суюктуктары мурун тешиктерине толуп калбаш үчүн дароо сары кычы майын же башка майларды колдонуу мененукалаӊыз. Былжыр суюктуктарынын толушу дем алганга тоскоол кылып, оорунун микробдорунун өөрчүшүнө шарт түзөт. Ал укалоо аркылуу кан айланып, былжыр суюктуктарынын пайда болуп, мурунга толуп калышынын алдын алат. Майлар жылытууга шарт түзөт.
3- шарт: Туура дем алыӊыз
Дененин саламаттыгы менен дем алуу тыгыз байланышта. Көп адамдар организм өзү жөнгө салат деген жаӊылыш ой менен, туура эмес дем алышат. Бул жөнөкөй дем алуу көнүгүүлөрү дем алууну жакшыртат: мурдуӊуздун бир жагын бир манжаӊыз менен жаап,мурдуӊуздун ачык жагы менен дем алып, ооз менен дем чыгарыӊыз. Анан мурундун экинчи жагы менен кайталап, ар бир жагында 8 жолу кайталоо керек. Мындай көнүгүүлөрдү күнүнө 6 жолу бөлмөлүк температурада жасаӊыз.
4-шарт: Мурдуӊузду чайкаӊыз
Алдын алуунун эӊ маанилүү ыкмасы ар дайым чайкап, былжыр суюктуктардан тазалап туруу. Тазалоо былжыр суюктуктардын пайда болушуна жараша жөнөкөй чимкирүү жана жылуу суу менен чайкоо аркылуу ишке ашырылат. Ошондой эле сууга деӊиз тузун кошуп же күнүмдүк тамакка колдонгон туз кошулган суу менен жуу сунушталат. Ал үчүн сизге 250 гр суу жарым чай кашык туз, төрттөн бир чай кашык аш содасы керектелет.
Мурунду чайкап үчүн шприц талап кылынат. Мүмкүн болсо эртеӊ менен жана кечинде тазалоо жакшы. Жуугандан кийин чимкирип салуу керек.
Мурунду тазалоочу бул ыкма маанилүү болуп, мурундун жакшы дем алуусуна шарт түзөт.
5-шарт: Суук тийгенден келип чыккан ооруларды дарылаӊыз
Ринит оорусунан жакшы айыкпагандан гайморит оорусунун пайда болушуна шарт түзөт. Бул учурда алгач инфекциялык оору пайда болот, мурундан суу агып, аба алмашууга кыйынчылык түзүлүп, былжырчалар мурунга толуп, бактериялардын көбөйүшүнө шарт түзөт. Толук айыкпаган риниттен кийин иммундук система алсырайт ошондуктан организм сырттан келген таасирлерге каршы тура албай калат. Бактериялар активдүү көбөйүшөт, мурунда суук тийгендиктен суюктук же ириӊ пайда болот – бул гайморит деп аталат.
6-шарт: Тиштериӊизге кам көрүӊүз
Көбчүлүк адамдар гайморит бүйлө менен тиш ооруларынын кесепетинен пайда болорун биле бербесе керек. Өз маалында дарыгерге кайрылып дарыланып, тишти дайыма туура жууганды унутпаӊыз, тамактангандан кийин оозду чайкап туруӊуз. Бул дары чөптөрдүн кайнатмаларын колдонсо жакшы: ромашка, чай чөп, шалфей.
Ссылка: https://barometr.kg/gajmorit-oorusun-aldyn-aluunun-6sharty
Добавить комментарий ×