Футзал Суперлига: “Биримдик-Сокулук” - “EREM” 1:8. EREMдин дарбазачылары да гол киргизишти
Футзал боюнча Суперлиганын экинчи турунун биринчи беттешинде Оштун “EREM” клубу Сокулуктун “Биримдик-Сокулук” командасын 8:1 эсебинде утуп алды.
Бул тууралуу оштук команданын башкы машыктыруучусу Данияр Абдыраимов “barometr.kg” сайтына билдирди.
Анын айтымында беттеште командасы атаандаштан бардык жагынан толук артыкчылык көрсөткөн.
“Биз беттештин жүрүшүн толук көзөмөлгө ала алдык. Эки дарбазачыбыз да бул беттеште гол киргизишти”, - деди ал.
2019-жылдагы Суперлиганын экинчи турунун биринчи беттеши Бишкектеги “VIVAT” спорттук комплексинде өткөн.
Ушул эле команда менен 17-ноябрда ошол эле оюн залында экинчи турдун экинчи беттеши өтөт.
“EREM” учурда 3 оюндан 9 упай топтоп жалпы мелдештик тизмеде биринчи орунда келе жатат.
Добавить комментарий ×