Футболдук дарбаза басып калган бала оорукананын жалпы палатасына которулду
Футбол дарбазасы басып калып, жаракат алган бала оорукананын жалпы палатасына которулду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, 6-сентябрда Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушундагы мектепте футболдук дарбаза кулап 11 жаштагы окуучу баланы басып калган. Ал тез жардам унаасы менен шаардык Балдар ооруканасына жеткирилген. Ага баш мээсинен жаракат алган ("открытая черепно-мозговая травма") деген диагноз коюлуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Абалы турукташкандан кийин 7-сентябрда жалпы палатага которулган.
“Учурда ал балдар ооруканасынын нейротравма бөлүмүндө дарыланып жатат. Абалы орто оор. Бардык керектүү дары-дармектер менен камсыздалган. Дарыгерлердин көзөмөлүндө турат”, - деп айтылат билдирүүдө.
Эске сала кетсек, 6-сентябрда Ак-Ордо конушундагы мектептердин биринин спорттук залында окуучулар футболдук дарбазага асылык чыкканда ал кулап кетип, 5-класстын окуучусун басып калган.
Ссылка: https://barometr.kg/futbolduk-darbaza-basyp-kalgan-bala-oorukananyn-zhalpy-palatasyna-kotoruldu
Добавить комментарий ×