Фура менен маршрутка кагышып кырсык 6 адамдын өмүрүн алды

4 апрель 2019 17:05 6659 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Адам өмүрүн алган каргашалуу жол кырсыгы Домодедовонун М-4 трассасынын 64-километринде катталды. Кырсыкта маршруттук унаа менен чоң жүк ташуучу камаз кагылышкан, жыйынтыгында 6 киши көз жумуп экөө оор жаракат алган. Бул Дни.ру басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 4-апрель күнү эртең менен катталган. Баарынан да 8 жаштагы жаш бала менен 49 жаштагы эркек киши оор жаракат алгандыгы айтылууда.

Кичи автобус Туладан Москвага жол алганы да белгилүү болду. Болжолдуу маалыматтар боюнча жүк ташуучу унаа трассанын 65-чакырымында токтогон маршруттук такси катуу ылдамдыкта  келип урунган. Кырсыкта маршруттук унаанын айдоочусу күнөөлүү экени белгилүү болду.

Ал эми РИА Новости басылмасы кырсыка кабылган маршруттук унаа Москвага элдерди мыйзамсыз жол менен алып баратканын жазды. Учурда кырсыктын башка себептери иликтенүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/fura-menen-marshrutka-kagyshyp-kyrsyk-6-adamdyn-mrn-aldy



Добавить комментарий