Фучик көчөсүндөгү эт комбинатында чыккан өрттөн улам имараттын 5000 чарчы метр аянты күйгөн
Бөлүшүү:
Бишкек шаарындагы эт комбинатында чыккан өрттөн улам имараттын болжол менен 5000 чарчы метр аянты күйгөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Учурда өрт толугу менен өчүрүлүп бүтө элек. Анткени кирпичтердин ортосуна коюлган пенопласттан чыккан түтүн толугу менен таркай элек.
Эске салсак, 9-август күнү саат 04:53тө Бишкек шаарынын Ленин районунун Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эт комбинатынын имаратынан өрт чыгып, бардык райондордун куткаруу кызматкерлери тартылган. Өрттү өчүрүү иш-аракеттери уланып келет.
Добавить комментарий ×