Жер жүзүн катуу магниттик куюн капташы күтүлөт. Эң кооптуу делген күндөр айтылды
Жакынкы арада жердеги жашоочуларды алгачкы кубаттуу магниттик куюн 2019-жылдын ноябрь айынын ичинде күтүп турат. Бул жөнүндө күндүн рентгендик астраномиясы лабораториясынын окумуштуулары айтып чыгышты. Эскерте кетсек октябрда дагы жердеги жашоочулар бир нече магниттик куюндарды баштарынан өткөрүштү.
Болжолдогон график боюнча магнитосфера 20-ноябрда ыкчам абалга келип, 21-22-ноябрда чоң кубаттуулуктагы G1 магниттик куюн күтүлүп жатат.
Медиктердин айтуусу боюнча бул күндөрү адамдар өзүнүн ден соолуктарына өзгөчө көңүл буруулары зарыл. Өзгөчө хроникалык оорулары бар адамдар ден соолгун аярлап, уктоонун нормалдуу режимин сактап, кан басымын көтөрүлүшүнө таасир берген азыктардан убактылуу чектеп, көбүрөөк таза абада сейилдөө эрежелери сунушталат.
Добавить комментарий ×