Фото.Кыргызстандык кыз жаачылардын мелдешинде күмүш утту

30 май 2019 12:12 2227 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык Асел Садырова Түркияда өткөн эл аралык Fetih Кupasi аталышындагы турнирде 2-орунду алганын barometr.kg сайтына өз булактары билдирди. Салттуу жаачылардын мелдеши Стамбул шаарында 27-29-майда өткөн.

Турнирге 200 адам катышса, алардын 30 пайызын кыз-келиндер түзгөн.

Кыргызстандын атынан бул жылы 5 жаачы катышкан. Арасынан Асел Садырова ийгиликке жетишип, экини орунду алды. Асел биздин командагы төрт эркектин арасында жалгыз кыз болгон.

Мыкты оюнду бул жарышка биринчи ирет катышып жаткан кыргызстандык спортчу Ынтымак Мурадил улуу көрсөттү. Ал 135 катышуучунун арасынан он оюнчунун катарына (8-орун) кирди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/fotokyrgyzstandyk-kyz-zhaachylardyn-meldeshinde-kmsh-uttu



Добавить комментарий