Фото.Чыңгыз Дөөнүн жайыл дасторкон алдындагы сүрөтү тууралуу маалымат беришти

8 июнь 2019 12:33 1697 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Интернет барактарына учурда түрмөдө отурган Чыңгыз Жумагулов тууралуу сүрөт жарыяланды. Ал үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкектеги Исанов көчөсүндөгү батирлердин биринен кармалган.

Ал эми жарыяланган сүрөттөн Чыңгыз Жумагулов дагы 3 эркек менен жайыл дасторкон үстүндө отурганын көрүүгө болот. Сүрөттүн баяндамасына:

"Биздин түрмөлөрдө ушундай талаптарда отурушат. Кызыл кийимдеги Чыңгыз Дөө", -деп жазылган.

Белгилей кетсек кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов "Чыңгыз Дөө" деген каймана ат менен таанымал.

Пикир калтыруучулардын айтымында сүрөт айт күнү тартылган. Буга көпчүлүк "түрмөдө болсо айтты майрамдоого болбойбу?", "Чыңгыз Дөө да адам", "кадимки эле стол экен", "дасторкондо эт жок турбайбы", "суктанып жатасыңарбы?" деп кримтөбөлдүн таламын талашууга өтүштү.

Бирок Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) бул эски сүрөт экенин жана Жумагулов учурда 47-Жаза аткаруу колониясында "аллергиялык дерматит" диагнозу менен дарыланып жатканын билдирди. Ага кошумча ЖАМК Чыңгыз Дөөнүн 7-июнь күнү тартылган жаңы сүрөтү менен да бөлүштү.

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн жанынан катуу сабалып, эс-учун жоготкон абалда 2 адам ооруканага жеткирилген. Аларды белгисиз бирөөлөр таштап кеткен. Жабырлануучулардын бири 45, экинчиси 36 жашта экени аныкталган. Экөө тең жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон. Чыңгыз Жумагулов аталган окуяга айыпталып кармалган.


Ссылка: https://barometr.kg/foto-trmdg-chygyz-dnn-zhajyl-dastorkon-aldyndagy-srt-tuuraluu-mzhak-taktoo-kirgizdi



Добавить комментарий