Фото. Баястан менен Зульфия төрөттөн кийинки сүрөттөрү. Кызын Наринэ деп аташты

4 июнь 2019 18:04 12633 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Маалым болгондой кечээ, 3-июнь күнү жаш жубайлар Баястан менен Зульфиянын тун наринаристеси – кызы төрөлгөн.

Бүгүн репер кызына өзгөчө ысым ыйгарганын кабарлады. Баястан бул тууралуу:

“Менин туулган күнүмдөгу эң мыкты белек болду десем болчудай. Наринэ Баястановна. Баарыңыздарга ыраазымын, жооп бергенге убакытым жетпей жатат, кечирим сураймын. Буюрса бошоп баарыңарга жооп берем”, -деп туңгучун Наринэ деп атаганын кабарлады.

Белгилей кетсек бүгүн Баястандын туулган күнү, ал 26 жашка толду.

Жубайы Зульфия төрөттөн кийинки сүрөттөрү менен бөлүшүп жолдошуна куттуктоо сөздөрүн жазды.

Көпчүлүк эки жаштын бактысына суктанып, аларга жакшы каалоо-тилектерин айтышууда.

Зульфиянын төрөттөн кийинки сүрөттөрү күйөрмандарынын жүрөгүн элжиретти.

Ссылка: https://barometr.kg/foto-bayatan-menen-zulfiya-trttn-kijinki-srttr-kyzyn-narine-dep-atashty



Добавить комментарий