Кыргызстанга оң рулдуу 9 унааны мыйзамсыз киргизгендер кармалды (Видео)
Кыргызстанга тетик катары катталган оң рулдуу 9 унааны мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
«Рено-Премиум», «Волво FH12» жана «Волво FH13» маркаларындагы 3 жүк ташуучу унаа «Чалдовар-автожол» өткөрүү пунктунда кармалды. Андан оң рулдуу 9 унаа табылды. Айдоочуларда унаа ташууга уруксат кагаздары болгон эмес. Аталган факт Кылмыштардын жана жолуктардын бирдиктүү реестрине катталды.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө Японияда чыгарылган бардык унаалардын абалы жакшы, толук жана тейлөө шартында экендиги аныкталды. Мыйзам боюнча, оң рулдуу автоунааларды Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу салынган. Учурда тергөө жүрүп жаткан автоунаалардын келип чыгышы жана алардын Кыргызстанга ташылып келүү максаты аныкталууда», — деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/finpol-kyrgyzstanga-o-rulduu-9-unaany-myjzamsyz-kirgizgenderdi-karmady-video
Добавить комментарий ×