Фейсбук Трамптын шайлоодогу жеңиши жөнүндө айткандарын азырынча эрте деп эсептейт

4 ноябрь 2020 14:56 1398 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШ президенти Дональд Трамптын президенттик шайлоодогу жеңиши жөнүндө билдирүүлөрү тууралуу Facebook маалымат таркатты. Facebook социалдык тармагы добуштарды саноо дагы эле жүрүп жаткандыгын баса белгиледи. 

"Президент Трамп жеңиши тууралуу эрте жарыялай баштагандан кийин, биз Facebook жана Instagram баракчаларында добуштар дагы эле саналып жаткандыгы жана жеңүүчү деп атоо эрте экендиги жөнүндө билдирүүлөрдү жарыялай баштадык. Ошондой эле эки талапкердин постторуна ушул маалыматтар жазылган стикерлерди илип жатабыз", - деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

АКШдагы бул президенттик шайлоодо курч мүнөздө жана анын жыйынтыгын чыгаруу бир нече күнгө созулушу мүмкүн экендиги айтылууда.

Буга чейин, Трамп Ак үйдө сүйлөп, шайлоодогу жеңишин майрамдоого даяр экендигин билдирген. АКШ президенти ошондой эле шайлоонун жыйынтыгы ал ойлогондой болболсо,  маселени чечүү үчүн Жогорку Сотко кайрылаарын айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/fejsbuk-tramptyn-shajloodogu-zheishi-zhnnd-ajtkandaryn-azyryncha-erte-dep-eseptejt



Добавить комментарий