Евгений Вакер Индонезиядагы 7-Азия оюндарына катышат

7 август 2018 19:30 924 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык велосипедчи Евгений Ваккер Индонезияда өтө турган 7-Азия оюндарына катышат. Бул туурасында  Кыргызстандын велоспорт боюнча федерациясынын маалыматты камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Билдирмеге ылайык, учурда  спортчу Ысык-Көлдө даярдыктан өтүп жатат. Азия оюндарында ал 145 чакырым аралыктагы топтук жарышка жана өзүнчө 43 чакырым жеке жарышка катышат.

Эске салсак, Евгений Ваккер Азиянын 4 жолку чемпиону, Азия оюндарында 6 жолу медалдын ээси.

Ссылка: https://barometr.kg/evgenij-vaker-indoneziyadagy-7-aziya-oyundaryna-katyshat



Добавить комментарий