Этти бышыраарда казанга кандай эреже менен салынат
Эт бышырууда устукандардын эти ажырап, эзилип калбай, даамдуу даярдалышына өзгөчө көңүл буруу керек. Сорпонун түсүнө, даамына да маани берилет. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Этти казанга бышырса даамдуу болот.
Этти казанга салуу иши да өзүнчө жол менен жүргүзүлөт. Казандын түбүнө биринчи кары жиликти, моюнду, боконону жана колдун этин салышат. Казан бир саатча кайнагандан кийин этти оодаруу керек. Этти оодаруунун негизги себеби – эт эзилбей, устукан ажырабай жана текши бышышы үчүн жүргүзүлөт. Этти оодарганда, сорпонун үстүнкү катмарындагы жиликтерди башка идиштерге салып, андан кийин ишке киришүү эт бышырган адамга бир топ эле ыңгайлуулуктарды түзөт. Эттин бышканын сорпонун даамы аркылуу билсе болот.
Ссылка: https://barometr.kg/etti-byshyraarda-kazanga-erezhesi-menen-salynat
Добавить комментарий ×