Эсенгул Исаков: Агрардык саясатты өзгөртүүгө үмүтүм чоң
“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эсенгул Исаков шайлоочуларга өзүнүн программасы тууралуу айтып берди. Талапкер агрардык маселелер,балдарга жөлөк пул берүү, пенсия, газ өндүрүшүн жолго коюу, банктардын насыяларынын үстөктөрүн азайтуу жана башка пландары менен бөлүштү.
"Кудай буйруп депутат болуп калсам, бешинчи чакырылышта көтөрүп жүргөн агрардык маселелерди кайра көтөрөм. Анткени биздин экономикабызды өнүктүрө турган, мамлекеттин колдоосуна муктаж тармак. Бүгүнкү күндө кайра иштетүү тармагы өз нугуна салынбай, өндүргөн чийки продукцияларды кайра иштетип, даяр продукция кылып өндүрө албай жатабыз. Бул көйгөйдү чечүү жолдорун сунуштаган программам бар.
Андан сырткары өлкө аймагы боюнча балдардын пособиеси туура эмес эсептелип жатат. Бул дагы башкы көйгөйлөрдүн бири. Анкени, көпчүлүк үй-бүлө балдарына пособие алууга муктаж. Үйүңдө муздаткычың бар, пенсия алган ата-энең бар экен деген шылтоолор пособие бербеш үчүн чыккан. Мындай жоболордун баарын жокко чыгаруу керек. Анткени, ар бир бала пособие алууга, мамлекет тарабынан камкордукка алынууга тийиш.
Пенсия маселеси да бар. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, бирок өтө аз сумма менен пенсияга чыккандар бар. А кээ бирлери абдан көп пенсия алышат. Пенсиялар индексация болбогону үчүн бул тармакта адилеттик жок.
Бизде газ чыгарууга толук мүмкүнчүлүк бар. Себеби, көмүр чыкан жерлердин баарынан газ чыгат. Ал үчүн инвестиция тартып, заманбап технологияларды пайдалануу менен газ өндүрсөк болот. Жумуш орундары дагы түзүлөт, эл арзан газ менен камсыз болот. Мен койгон максаттардын бири жаңы жумуш орундарын түзүү. Жумушсуздукту жоюуга бир мисалды келтирип кеттим.
Элибизде дагы бир чоң көйгөйү бар. Ал банктардагы насыянын пайызынын көптүгү. 15-20% менен кредит алып жатышат",-дейт талапкер.
Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. “Азаттык” саясий партиясы шайлоо тизмесинде №10 катар номери менен катышууда.
Даярдалды: Barometr.kg. 1 нуска, 24.11.2021-жыл, “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясы тапшырык берген.
“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү.
(03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү)
Ссылка: https://barometr.kg/esengul-isakov-agrardyk-sayasatty-zgrtg-mtm-cho
Добавить комментарий ×