Эртеңден баштап Кыргызстандагы мектептердин алдында балдар үчүн лагерлер иштей баштайт
Бөлүшүү:
Мектеп окуучуларынын жайкы каникулун жагымдуу өткөрүү максатында, эртең, 5-июндан баштап мектептерде балдардын лагерлери ачылуусу пландаштырылган.
Билим берүү министрлиги бул максатта 5 миллион сом бөлүп берген.
Жалпысынан региондордо жана Бишкекте 485 мектептер алдында лагерлер эшигин ачат. Аларда балдар үчүн таанып-билүүчүлүк жана көңүл ачуучу иш-чаралар уюштурулат. Булар: асфальтта сүрөт тартуу, жол кыймылынын эрежелери боюнча сабактар, спорттук мелдештер, тигүүчүлүк жана башкалар.
Добавить комментарий ×