Эрмек Усубалиев: Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы татыктуу белгиленүүдө
Президент Сооронбай Жээнбеков көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алдында анын небереси Эрмек Усубалиев менен жолугушту. Мамлекет башчы менен саясий ишмердин небереси Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алкагындагы иш-чаралар, анын ичинде бир катар маданий жана илимий иш-чаралар, эскерүү кечелери, биографиялык басылмаларды даярдоо боюнча пикир алышышты.
Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиев жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүшүп, анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана коомдун турмушундагы бардык тармактарга кошкон салымы зор деп айтты.
Турдакун Усубалиев Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген бир доордун кайталангыс инсаны экенин президент баса белгиледи.
Өз кезегинде Эрмек Усубалиев чоң атасы Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин кеңири өткөрүү боюнча демилгеси жана колдоосу үчүн өлкө башчысына ыраазычылык билдирди. Ал бардык пландалган иш-чаралар өз убагында өткөнүн жана ага катышкан мамлекеттик органдардын ишин канааттануу менен белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков жана Эрмек Усубалиев 6-ноябрда, Турдакун Усубалиевдин туулган күнүндө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган 100 жылдык мааракесинин алкагында салтанаттуу иш-чараларга карата даярдыктардын жыйынтыгын чыгарышты.
Ссылка: https://barometr.kg/ermek-usubaliev-turdakun-usubalievdin-100-zhyldygy-tatyktuu-belgilend
Добавить комментарий ×