Эркин күрөш боюнча спорт чебери Базар Базаргуруев «Даңк» медалы менен сыйланды

30 август 2018 19:00 1082 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык Базар Базаргуруев «Даңк» медалы менен сыйланды жана Анарбек Усенкановго «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматты камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Маалыматка ылайык, эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, 2008-жылы Пекиндеги XXIX Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси Базаргуруев Базар Будажаповичке дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн «Даңк» медалы ыйгарылды. 

Ал эми Бишкек шаарынын Ленин районунун олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин эркин күрөш бөлүмүнүн улук окутуучу-машыктыруучусу Усенканов Анарбек Адыбаевичке дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, республиканын квалификациялуу спортсмендерин даярдагандыгы үчүн «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамы берилди. 


Ссылка: https://barometr.kg/erkin-krsh-boyuncha-sport-cheberi-bazar-bazarguruev-dak-medaly-menen-syjlandy



Добавить комментарий