Эркектер идеалдуу аялга ээ болууну кыялданышат. Идеалдуу болуунун сырлары

1 ноябрь 2019 15:44 7074 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кайсы эркек идеалдуу аялга ээ болууну кыялданабайт? Негизи идеалдуу аял деген ким? Идеалга жакындоо үчүн эркектердин көз карашы менен караганда аял кандай болууга тийиш? Кантип идеалдуу болуу үчүн аялдарга 11 кеңеш:

Өзүңүзгө кам көрүңүз

 Эркектердин көпчүлүгү бул пунктту тизменин башына коюшат. Эркектерге алардын аялынын, сүйлөшкөн кызынын кандай көрүнгөнү баары бир эмес. Көпчүлүк аялдардын кетирген катасы - сырткы келбетин, чач жасалгасын, салмагын көзөмөлдөбөй койгону. А эркектер өздөрүнүн жанында майрам күндөрү гана эмес, күн сайын сулуу аялдын болушун каалашат. Аял биринчи өзүнө-өзү, анан күйөөсүнө жагыш керек.

Күйөөңүздүн көзүнчө боёнбоңуз

 Эркектер жанындагы аялынын дайыма сулуу болуп жүрүшүн каалаганы менен бул сулуулукка алар кантип ээ болду, аны билгилери келишпейт. Алар аялдардын табигый сулуулугуна ишенишет жана макияжын байкамаксан болуп коюшат. Эркектер аялынын өзүнүн көзүнчө бетине маска жасап, чачына бигуди койгонун каалашпайт. Күйөөңүздүн көз алдында жасанганыңызды токтотсоңуз, ал үчүн дайыма жагымдуу бойдон каласыз.

Орой болбоңуз жана даттанбаңыз

 Эркектер аялдын назик, сезимтал, жароокер болгонун жактырышат. Бир дагы эркек орой, болор-болбос нерсе үчүн чыр чыгарган, сөгүнгөн аялды жакшы көрбөйт. Оройлук сыяктуу эле эркектер аялдардын кейип-кепчип, бир нерселерге нааразылана бергенин да жактырышпайт. Андыктан, күйөөңүзгө курбуңуз, жетекчиңиз, ден соолугуңуз тууралуу азыраак даттанууга аракет кылыңыз.

Акылдуу болуңуз

Идеалдуу аял акылдуу болууга тийиш, бирок анысын жашыра билүү керек. Күйөөңүздү өзүңүздүн акылдуулугуңуз менен басынтпаңыз жана аңкоолугуңуз менен кыжырдантпаңыз.

Жаман адаттардан баш тартыңыз

Тамеки чекпеңиз, ичимдик ичпеңиз, мас аялдан өткөн жаман нерсе жок. Бул зыяндуу адаттар, албетте, сизди идеалдуу кылбайт. Анан да эч кайсы эркек өзүнүн аялынын, келечектеги балдарынын энесинин зыяндуу адаттарга ээ болушун каалабайт.

Жарашыктуу кийиниңиз

 Көпчүлүк эркектердин көңүлүн өзүңүзгө буруу аракетинде ашыкча ачык жана сексуалдуу кийингенден качыңыз. Бул сизге түбөлүктүү, жакшы эркекти табууга жардам бербейт. Эркек табышмактуулукту жактырат, баары ачык көрүнүп турганда анын сизге болгон кызыгуусу төмөндөйт.

Кожойке жана эне болгонго даярданыңыз

 Эркектердин баары идеалдуу аялдары аларга идеалдуу балдарды төрөп беришин, аларды тарбиялашын каалашат. Андыктан, үй оокаттарын жасоодон, бала төрөп эне болуудан эч качан баш тартпаңыз.

Таң калтырып жана суктандырып туруңуз

 Убакыттын өтүшү менен ортодогу сезимдердин басаңдашы эч кимге деле сыр эмес. Бирок никени, ортодогу жакын мамилени сактап калуу аялдын колунда. Ар түрдүү боло билиңиз, эркегиңизди ар кандай идеялар менен, тамак-аш менен таң калтырууга үйрөнүңүз. Ошондо сизге бир гана өзүңүздүн күйөөңүз эмес, айланаңыздагылардын баары суктанышат

Бош отурбаңыз

Идеалдуу аял бир нерсе менен алек болууга тийиш, башкача айтканда, ал иштеш керек. Жумуш аялга кош бойлуу болгон кезде "жумуштан чарчадым, эми баламды тарбиялайын" деп айтуу үчүн керек. Ага чейин иштебеген, коомго тийгизген өзүнүн пайдасы тууралуу ойлобогон аял баласын деле кыйратып тарбиялабайт.

Ссылка: https://barometr.kg/erkekter-idealduu-ayalga-ee-boluunu-kyyaldanyshat-idealduu-boluunun-syrlary



Добавить комментарий