Жубайлар эмне себептен араздашат?

5 октябрь 2022 11:05 3535 2 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жубайлар арасындагы суз мамиле эмнеден болоорун адистердин ар дайым талдоосунда экени маалым.Адистердин пикири боюнча жубайлардын араздашуусу өзгөчө жыныстык жашоо тууралуу сөз болгондо билинет. 

"Төшөктө эмнени каалай турганын күйөөсү менен ачык сүйлөшпөгөн көпчүлүк аялдар жыныстык катнаштан толук канааттанбайт, күтүлгөндөй ырахат ала алышпайт.

Эң жакшы шарттарда эркек жубайынын жыныстык каалоолорун сезе билүүсү жана аларды талапка ылайык канааттандыра алуусу үчүн колунан келгенин жасоосу керек болот. Негизи аял эркектен ушундай мамилени күтөт. А чынында, эркектердин көпчүлүгү жубайларынын төшөк жаатында канааттанбаганын билишпейт.

Аял уялганын же башка бир себептен улам күйөөсү менен бул тууралуу сүйлөшпөгөн болсо, анда өзүнүн бул багыттагы көйгөйлөрүн күйөөсү билип чечүүсү керек деген ойдон алыс болушу керек.

Жыныстык мамиледе мындай көйгөйлөрдүн алдын алуу менен жаралган маселелерди чече билүүнүн эң жакшы жолу катары, аял өзү ишти колго алып, каалоолорун жөнөкөй жана түшүнүктүү жол менен күйөөсүнө ачык айтууну үйрөнүүсү зарыл. Ошону менен бирге күйөөсүнүн кандай учурда эмне кылуу керектигин айтууну да унутпашы керек.

Төшөк жаатындагы бардык маселени ачык айтууну өздөштүрө алган аял жыныстык катнаш учурунда өзүнө жаккан ролду ойноосу дагы жеңилдейт, тартынганы азаят. Аялдын мындай аракети эки тараптын тең жыныстык катнаштан толук ырахат алуусун камсыз кылат", - деген кенешин берет психолог.

Ссылка: https://barometr.kg/erkek-zhubajynyn-zhynystyk-kaaloolorun-kanaattandyra-aluusu-chn-kolunan-kelgenin-zhasoosu-kerek



Добавить комментарий