Эркек киши энергетикалык ичимдиктерди көп ичкендиктен тилин күйгүзүп алган

29 март 2019 10:03 905 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Азияда жашаган Австралиянын окутуучусу энергетикалык ичимдиктерди көп ичкендиктен тилин күйгүзүп алганын айтып сүрөтү менен бөлүштү. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Дэн Ройалс (Dan Royals) өзүнүн тилинин сүрөтүн Get It Off Your Chest в Facebook баракчасына бөлүшкөн. Анын айтымында Ройалс энергетикалык ичимдиктерди узак убакыт бою күнүнө 5-6 бөтөлкөдөн ичип жүргөн. Кийинчерээк дарыгер анын тили күйүп жатканын айтып бул ичимдикти ичүүдөн баш тартуусун сунуштаган.

Жабыркаган эркек тамеки чегээрин айтып бирок тилин бул абалга ичимдиктер алып келгенин баса белгилеген.

Ал өз сөзүндө:

"Менин тилимди карагыла да ичимдиктер ички организмибизди кандай абалга алып келип жатканын элестетип көргүлө", -деген пикирин билдирген.

Ал арада изилдөөчүлөр шекердин ашыкча көп болуусу тишке жана ооз көңдөйүнө чоң зыян алып келээрин аныкташты. Ал эми сөз болуп жаткан энергетикалык ичимдиктердин бир бөтөлкөсүндө 58 грамм шекер бар.

Ссылка: https://barometr.kg/erkek-kishi-energetikalyk-ichimdikterdi-kp-ichkendikten-tilin-kjgzp-algan



Добавить комментарий