Эмне себептен бел оорушу мүмкүн?

16 апрель 2019 09:12 33987 52 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бел ооруп жатса сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуу зарыл. Анткени ал олуттуу ооруларга байланыштуу болушу толук ыктымал.Көп учурда белдин оорусу остеохондроз, бөйрөктүн оорушу жана жамбаш чарасындагы органдардын оорусуна байланыштуу келип чыгат.   

Бел туштагы омурткалар ооруй баштаса бул омурткалар ортосундагы дисктин оорусу болуп саналган остеохондроз болушу ыктымал. Бир катар себептерден улам диск өзүнүн ийилчээктигин жоготуп омурткалар кыймылдабай калат

Мындай болгон учурда оору көп учурда физикалык күч келүүдөн кийин пайда болот.Суук тийип калган экен деп көңүл бөлбөй жүрө берүү оорунун күчөп кетишине алып келет. 

Бел оорусу бөйрөктүн оорусу менен байланыштуу болушу да ыктымал. Бөйрөктүн өнөкөт оорусу узак убакытка чейин билинбей жүрө берип кармайт. Өнөкөт пиелонефритте да бел оорусу пайда болот.

Ошондой эле белдин оорушу жамбаш чарасында жайгашкан органдардын оорусу менен байланыштуу келип чыгышы мүмкүн. Алар аялдарда жатындын сезгениши - аднексит, эркектерде простатит оорусунун белгилери болушу ажеп эмес. 

Ошондуктан белиңиз оорусу күндү создуктуруп жүрө бербей, дарыгерге кайрылып текшерүүдөн өтүңүз!

Ссылка: https://barometr.kg/emne-sebepten-bel-oorushu-mmkn



Добавить комментарий