Эмил Токтошев ЖКнын депутаты: ТИМдин Кылычбек Султановду кызматтан алуу сунушу туура деп ойлойм
Тышкы иштер министрлиги Эрлан Абдылдаев президент Сооронбай Жээнбековго Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султанды кызматтан бошотуу өтүнүчүн суранды. ТИМдин бул сунушу туура болдубу? Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев “Барометрге” оюн мындайча билдирди.
“Кылычбек Султанов Кыргыз мамлекетинин Кореядагы элчиси. Башка мамелекетте жүргөндө айтыла турган сөз бар, айтылбай турган сөз бар да. Эң негизгиси дипломатиялык этика деген бар. Менимче Кылыч Султанов шашылып туура эмес сүйлөп койду. Элдин атынан барган кызматкер сабырдуу болуп, иш иликтенгенден кийин деле пресс конференция берсе болмок. Мен ТИМдин сунушу туура деп ойлойм”-деди депутат.
Белгилей кетсек, кечээ Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Бишкекте маалымат жыйын уюштуруп, президенттик аппараттан Каденова тууралуу маалыматты таратпагыла деген көрсөтмө келгенин айткан.
Добавить комментарий ×