Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине эмне үчүн талапкерлер көрсөтүлбөй жатат?

22 октябрь 2018 16:30 1685 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине эмдигиче талапкер көрсөтүлбөй жаткандыгын депутат Жанар Акаев  социалдык маселелер, илим, билим, маданият жана саламаттыкты  сактоо боюнча парламенттик отурумда айтып чыкты. 

«Биз эмне 5 миллион кыргызстандыктардын арасынан тандай албай жатабызбы? Мыйзам боюнча 5 күн ичинде талапкер Жогорку Кеңешке тааныштырылыш керек эле, бирок 10 күн өттү, андай болгон жок», -деп кошумчалады депутат. 

Чындыгында командировкалап жүргөн жетекчилери жок деле министрлик өз алдынча иштесе боло тургандыгын да айта кетти. 

Эске салсак, депутат Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин  жетекчилигиги  дипломатиялык паспортторду жеке кызыкчылыгына пайдаланганын айткан. Бул боюнча Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузулганын аныктаган. Анын жыйынтыгында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова жана министр айым Таалайкүл Исакунова 11-октябрда жазган арызынын негизинде кызматтан бошотулган. 

Ссылка: https://barometr.kg/emgek-zhana-socialdyk-ng-ministrligine-emne-chn-talapkerler-krstlbj-zhatat



Добавить комментарий