Эмчек рагынын баштапкы стадияларында ал такыр байкалбайт
Акыркы жылдары эмчек рагына кабылгандардын саны жыл санап көбөйүп жатканын маммологдор тынчсыздана айтып келишет. Бул дарттын коркунучу тууралуу айтпасак да белгилүү. Алдын-ала кабардар болуу менен саламаттыкка кылдат мамиле кылууга үйрөнүү керектигин эскертип бул макаланы сунуштайбыз.
Эмчек рагы - организмдеги гармоналдык өзгөрүүлөрдөн пайда болорун окумуштуулар айтып келишет. Ага ар кандай стресс, жаракат алуу, сексуалдык жашоонун туруксуздугу, төрөгөндөн кийинки мастит оорусу жана башка организмдеги ар кандай өзгөрүүлөр себеп болот. Мындан тышкары, айымдар дайыма таза ич кийим кийип жүрүш керек. Ич кийим аркылуу инфекция кирип, ал козголо албай жаткан дартты козгошу мүмкүн.
Сиз өзүңүздү-өзүңүз текшерүүдө оорунун белгисин табууга эмес, саламатта экениңизге ынанууга басым жасаңыз. Аялдардын сүт бези айыз келген убакта болуучу гормондордун деңгээлинин өзгөрүшүнө тез реакция берет. Аялдардын дээрлик үчтөн эки бөлүгүндө сүт безинин чыңалышы бир топ ооруксунуу менен коштолот (мастодония). Бирок айыз келгендин алгачкы күндөрүндө ал кайрадан төмөндөйт. Ошондуктан сүт бездерин текшерердин алдында төштүн бардык өзгөрүүлөрүнө көңүл буруңуз. Текшерүү учурунда төмөндөгү белгилерди байкасаңыз биринчи орунда жана тезинен маммологго кайрылыңыз. Маммолог - сүт бездеринин оорусун дарт аныктоочу ыкма менен аныктап дарылоочу адис.
Эмчек рагынын эң негизги белгилери төмөнкүлөр:
– Сүт бездеринин формасы өзгөрөт;
– Сүт бези кызарып, сезгенип ооруйт;
– Теринин жыйрылып же шишиши байкалат;
– Үрптөрдөн суюктук же кан аралаш суюктук чыгат;
– Сүт бездеринин үрптөрү ичине тартылып баштайт.
Эмчекте шишик болсо бир тарабы чоңураак болуп үрпүнөн суюктук чыга баштайт. Бул учурда маммологдор маммограмма, ультраүн аппараттарынын жана гистология, цитология лабораторияларында текшеришип дартты аныкташат. Андан соң дарылоо жүргүзүшөт. Эмчек рагынын «узловая мастопатия», «фиброаденома», «киста» , “абсцесс”, “фиброаденоматоз” жана шишик пайда болуучу бир топ түрү бар. Жогоруда аталган түрлөрү коркунуч туудурбайт. Бирок «узловая мастопатия», «фиброаденома», «киста» деген диагноз коюлгандарга мончого, саунага барууга жана күнгө күйүүгө болбойт. Себеби радиация көп болгондуктан оору күчөп, рак клеткаларын өстүрүп жиберет.
Ссылка: https://barometr.kg/emchek-ragynyn-bashtapky-stadiyalarynda-al-takyr-bajkalbajt
Добавить комментарий ×