Эльмира Ибраимова: “Азаттык” партиясынын көздөгөнү акыйкаттуулук
“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эльмира Ибраимова аталган партияны эмнеге тандап алганы тууралуу пикирин шайлоочуларга бөлүштү.
"Эмне үчүн "Азаттык" партиясын тандадым? Партиянын курамынан мен чыныгы кесипкөй, билимдүү, тажрыйбалуу адистерди көрө алдым.
Кыргыз саясатында өзгөчө орду бар мыкты, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо турган билимдүү, күчтүү, эрктүү жана эл арасында кадыр-баркка ээ болгон инсандар, чыныгы эл өкүлдөрү боло тургандар чогулду.
“Азаттык” партиясы парламентке келсе, күчтүү фракция катары өлкөнүн жана элдин кызыкчылыгын коргогон мыйзамдардын үстүндө иштеп, парламенттин аброюн көтөрөт деп ишенем.
Партиянын курамы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгондор эгемен мамлекеттин тарыхында ар тармак боюнча жакшы жыйынтыктарды көргөзө алгандар.
28-ноябрь күнү өтө турган парламенттик шайлоодо элибиздин туура тандоосу менен Жогорку Кеңешке эл үчүн таза жана ак дили кызмат кыла тургандар келиши керек.
Азаттык партиясынын көздөгөнү акыйкаттуулук, адилеттүү чечимдерди кабыл алуу, бийлик бутагында парламенттин аткара турган функциясын так көрсөтүү жана элдин ишенимин актоо болуп саналат",-деп билдирди Эльмира Ибраимова.
Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. “Азаттык” саясий партиясы шайлоо тизмесинде №10 катар номери менен катышууда. Ибраимова Эльмира Султановна үчүн партиянын тизмесинде 54-номер менен добуш берсеңиз болот.
Даярдалды: Barometr.kg. 1 нуска, 25.11.2021-жыл, “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясы тапшырык берген.
“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү.
(03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү)
Добавить комментарий ×