Электрондук виза алуу үчүн кайрылгандардын саны өстү

1 август 2018 00:00 956 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

 Жайкысын электрондук виза алуу үчүн кайрылгандардын саны көбөйүүдө. 

Маалыматка караганда, июлда 5 миң 672 чет өлкөлүк жаран электрондук виза алышкан. Мындай кадам чет элдик туристтердин өлкөгө келишин жеңилдетип, убакытты жана материалдык чыгымдарды үнөмдөөгө жол ачты. Система ишке киргенден тарта ар кандай категорияда 20 миңден ашуун электрондук визалар берилди.

Ушул жылдын январында 1 миң 300 виза берилген болсо, июнда 4 миңден ашуун жаран электрондук визалуу болду деп билдирет Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы. 

Ссылка: https://barometr.kg/elektronduk-viza-aluu-chn-kajrylgandardyn-sany-st



Добавить комментарий