Элчи Кубанычбек Өмүралиев Антальяда кыргыз диаспорасы менен жолукту

18 октябрь 2019 16:34 680 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 2019-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анталья шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга Түркия Республикасынын Анталья аймагынын миграция башкармалыгынын өкүлү да катышып, Кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, Түркиянын аймагында Кыргыз жарандарын легалдуу эмес жолдор менен жумушка орноштурууну түздөн түз Кыргызстандын аймагында жок кылуу жана адам сатуу маселелери талкууланды. Мындан сырткары, Түркиянын аймагындагы жарандардын укук жана милдеттерин камтыган брошуралар таратылды.

 Кыргыз жарандары менен болгон  жолугушуу учурунда, Элчи Антальянын Губернатору, Анталья шаарынын мэри жана Түркия Республикасынын Анталья аймагынын миграция башкармалыгынын башчысы менен болгон жолугушууларда Кыргыз жарандарынын укук жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин талкуулангандыгы тууралуу маалымат берди.

Ссылка: https://barometr.kg/elchi-kubanychbek-mraliev-antalyada-kyrgyz-diasporasy-menen-zholuktu



Добавить комментарий